Айдар Акаев

Википедия дан
Айдар Акаев
Ишмердүүлүк тармагы:

«Рентон-групп» (акциялык пакеттердин ээси)
«Манас» аба майданы - (тең төрөгасы)
Бител (кожоюну)

Туулган датасы:

26 -февраль 1976(1976-02-26)

Туулган жери:

Ленинград, ОССФР, СССР.

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Өлгөн датасы:

5 -февраль 2020(2020-02-05) (43 жаш)

Өлгөн жери:

Орусия

Атасы:

Аскар Акаев

Жубайы:

Сайкал Чокубаева
Алия Назарбаева (1998-2001)

Айдар Акаев (20-февраль 1976 , Ленинград5-февраль 2020, Орусия) — Кыргызстандык жана Орусиялык ишмер. Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаевдин эң чоң уулу. Каржы министрлигинин Экс-кеңешчиси жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты[1].

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдар Акаев атасы бийликте турган убакта Улуттук олимпиада комитетин жетектеген, каржы министринин кеңешчиси болгон, ошондой эле Казакстан журт башчысы Нурсултан Назарбаевдин эң кичүү кызы Алия Назарбаевага баш кошуп, бирок никеси узакка созулган эмес.

Ыңкылаптан кийин ал “Кумтөрдүн” иши боюнча келишимге кол коюудагы жемкорлукка шектелип, ага эки ирет издөө жарыяланган. 2005-жылдан бери Орусияда ишкерлик менен алектенип, ата-энеси менен бирге тургандыгы маалым болгон. Экинчи жубайы (айрым ЖМКлар үчүнчү деп да жазып жүрүшөт) Сайкал Чокубаева экөө эки баланын ата-энеси. Турмушка чыкканча ал НБТ каналында алып баруучу болуп иштеген.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кто есть Кто