Айдоо дыйканчылыгы

Википедия дан

Айдоо дыйканчылыгы - үй жаныбарларынын (өгүз, бука, уй, жылкы) күчүн пайдаланылып буурсун, соко ж.б. жардамы менен жер иштетүү дыйканчылыгы. Айдоо дыйканчылыгы кол дыйканчылыгына салыштырганда бир кыйла жогору тепкичте өнүккөн маданият болуп саналат. Ал ири дарыялардын - Нил, Тигр жана Евфрат, Инд, кийинчерээк Амударыя, Сырдарыя, Янцзы, Хуанхэ дарыялары агып өткөн өрөөндөрдөгү жумшак, түшүмдүү жерлерде алгач пайда болгон. Айдоо куралдарынын өркүндөтүлүшү менен катуу, түшүмдү аз берүүчү жерлерди да айдоого мүмкүн болуп калды. Жергиликтүү климатка, топуракка көнүгүшү эмгек куралдардын, кайрак жана сугат-айдоо дыйканчылыгынын көптөгөн формаларын, ыкмаларын жаратты. Тарыхый жактан алганда кол дыйканчылыгы менен мал чарбачылыгынын синтези болгон. Отурукташкан айдоо дыйканчылыгына негизделген чарбалык-маданий типтер Евразиянын, Түндүк Африканын, Американын жылуу, мелүүн, айрым учурларда ысык алкактарында кеңири таралган. Айдоо куралдары байыркы дыйканчылыктын борборлорунун биринде жаралганбы же ар бир эл өз алдынча тапканбы деген маселе илимде так айкындала элек. Археологиялык, иконогрфиялык, айрым учурда жазма булактарда үй жаныбарларын жер айдоого пайдалануу баарынан мурда Месопотамия менен Нил өрөөнүндө (б.з.ч. 4-миң жылдыктын аягы - 3-миң жылдыктын башы) пайдалана баштагандыгын күбөлөйт. Даниялык археолог А.Стенсбергдин пикири боюнча Месопотамияда буурсунга чейин таш миздүү керки- күрөк колдонулган. Жөөк салуу үчүн аны эки киши аркан менен тарткан. Айдоо куралынын ушундай жол менен өнүгүшү жөнүндөгү ойду 19-к. аягында эле белгилүү этнограф Э.Тайлор айткан болучу, 1930-ж. Евразия элдеринин кеңири этнографиялык материалдарын жалпылап изилдеген немец этнографы П.Лезер да ушундай тыянакка келген. Айдоо куралынын эң байыркы тиби эки саптуу ийри жөөк салгыч рало (керки) болгон. Ал Урук шаар-мамлекетиндеги протошумер жазуу-белгилеринин (б.з.ч. 4-миң ж. аягы) чиймелеринен белгилүү. Кийинчерээк жөнөкөй типтерден татаалыраак типтерге карай өнүккөн. Буурсундун эволюциялык өнүгүшү көп факторлор менен шартталган. Алардын арасында дыйкандардын рационалдуу тажрыйбасын үйрөнүп, андан ары уланткан этномаданий салттарды белгилеп кетүү зарыл.

Б.з.ч. 4-3-миң жылдыктарда Байыркы Чыгышта алгачкы коомдук түзүлүштө жаралган өнүккөн сугат системасы бар отурукташ- кан айдоо дыйканчылык чарбалык-маданий тиби байыркы мамлекеттердин калыптануусунда чоң ролун ойногон. Б.з.ч. II миң жылдыктын башына тиешелүү «Чот менен буурсундун ортосундагы талаш» деген шумер адабият эстелигинде падышанын буурсундун туткасын кармап турушу, ал эми чот «тамтыгы кеткен кийимчен кишиге» кызмат кылышы бекеринен эмес. Бул мезгилде буурсун байыркы чыгыш мамлекеттериндеги айыл чарбада жаңы гана пайдаланыла баштаган. Ал акырындык менен батыштан чыгышка карай Алдыңкы жана Орто Азия аркылуу Түндүк Индияга, андан ары Түндүк Кытайга чейин таралган. Түндүк Кытайда Хуанхэ бассейнинде б.з.ч. I миң. ж. тартып гана белгилүү. Америкада, Тропикалык Африкада, Австралия континенттеринде европалык колония саясатына чейин айдоо дыйканчылыгын билишкен эмес. Европада буурсун пайдаланган дыйканчылык бир нече этапты басып өтүп (токой зонасында кыюу системасы, талаа, токойлуу талаа зонасындагы которуштуруп айдоо системасы (1), эки талаалуу (2), үч талаалуу (3) коомдун базасы болгон. Дыйканчылыктын тарыхый таралуу процессинде анын эмгек куралдарынын ар түрдүү типтери калыптанган. Дыйканчылыктын системаларынын өзгөчөлүктөрү тышкы экологиялык факторлор (өсүмдүктөргө таасир берүүчү нымдуулук жана радиация, топурактагы азыктандыруучу элементтер ж.б.), ошондой эле дыйканчылыктын айрым структуралык элементери менен да (жер иштетүү, жер семирткичти пайдалануу, үрөн чарбасы ж.б.) байланыштуу болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]