Айдың-көл

Википедия дан
Айдың-Көл

Айдың-көлтопоним. "Манас" эпосунда учураган Айдың-Көл аттуу чакан көлдөр негизинен Алтай аймагына туура келет. Суусу тунук, айланасы кооз, мал-жанга ыңгайлуу болгондуктан, көл жээги айыл-апага толуп, той-тамашага батып, «ар-кайсынысы өз ураанын чакырчу». Манас кан көтөрүүлгөндө Жакыптын айлы Айдың-Көлдүн жээгине конуп той өткөргөн. (Сагымбай Орозбаков, 1. 232, 261).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4