Айкашуу (тизмектешүү)
Айкашуу (тизмектешүү) – өзүнөн жогорку деңгээлдеги структуралык бирдиктерди жасоодо тилдик бирдиктердин өзара айкашуу, тизмектешүү касиеттери; тилдик бирдиктердин ортосундагы синтагмалык карым-катышты көрсөтүүчү фундаменталдык белги.
Айкашуунун универсалдуу жана конкреттүү тилдик мыйзамдары, тенденциялары болот, алардын бузулушу нормадан четтөөгө же тилдик бирдиктердин белгилеринин өзгөрүшүнө алып келет. Айкашуу эрежелеринин атайылап бузулушу көркөм каражат катарында колдонулат. Айкашууда модификацияланган жана формасы боюнча дифференцияланган тилдик бирдиктер варианттарды (аллофондорду, алломорфторду) пайда кылат.
Тилдик бирдиктердин ээлеген ордуна карай Айкашуу контактылуу (тилдик бирдиктер катарлаш жайгашса) жана дистактылуу (араларына башка бирдиктер кошулуп белгилүү бир аралыкта жайгашса); айкашуу факторлоруна карай шартталган (тилдик белгилер айырмалоочу белгилер аркылуу аныкталат) жана эркин (кабыл алынган норма боюнча гана аныкталат); тилдин деңгээлине жараша семантикалык жана формалдык болуп бөлүнөт.
Сөздөрдүн Айкашуу грамматикалык, лексикалык, семантикалык факторлор аркылуу аныкталып, сөз айкашы теориясында изилденет. грамматикалык жактан Айкашуу сөздөрдүн сөз түркүмдөрүнө тиешелүүлүгү менен аныкталат. Лексикалык деңгээлде Айкашуу лексемаларды тандап колдонуудан көрүнөт: көңүл буруу - кызыгуу буруу. Семантикалык деңгээлдеги Айкашуу семантикалык ээрчишүүдөн байкалат, мында айкаштын түгөйлөрү каршылаш семага ээ болбошу керек, мис., жандуу заттын кыймыл-аракетин же белгисин көрсөткөн этиш же сын атооч жандуу заттар менен гана айкашат (адамдар сүйлөйт, уй мөөрөйт, боорукер киши), болбосо нормадан четтөө орун алат же түгөйлөрдүн бири өтмө мааниге ээ болот (Бүт университет бул окуяны талкуулады; оорулуу көл). Тексттеги Айкашуу сөз менен
тексттин стилистикалык байланышын талап кылат, болбосо стилистикалык транспозиция келип чыгышы ыктымал.
Айкашууну изилдеп-үйрөнүү тилдик элементтерди идентификациялоого, алардын таксономиялык класстарга тиешелүүлүгүн аныктоого, варианттарын, полифункционалдуулугун, көмүскө категорияларын көрсөтүүгө, өтмө маанилердин пайда болуу шарттарын аныктоого мүмкүндүк берет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4