Айкын товар биржасы

Википедия дан

Айкын товар биржасы – накалай товарлар менен гана келишимдер түзүлчү товардык биржанын адепки таризи. А. т. б. соода өндүрүүчү менен керектөөчүнүн (экспортер) ортосундагы байланышты калыптандырат. А. т. б. эреже катары, жергиликтүү маанидеги товарларды дүңүнөн соодалоонун бир таризи болуп саналат же өнүгүп келаткан өлкөлөрдө улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн уюштурулат. Азыркы учурда айрым гана өлкөлөрдө сакталып калган жана анча чоң эмес жүгүртүмгө ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]