Айлана-чөйрөнүн корголуучу объектилери

Википедия дан

Айлана-чөйрөнүн корголуучу объектилери - коргоого алына турган айлана-чөйрөнүн өз ара ажырагыс табигый компонеттеринин жыйындылары. Алар булгануудан, бузулуудан, түгөнүүдөн жана талкалануудан сакталышы зарыл. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: жер, суу жана атмосфералык аба. Жер бүтүндөй жаратылыш менен анын объектилеринин негизин түзөт. Башка бардык объектилер (жер астындагы жана анын үстүндөгү) Жер менен ажырагыс биримдикте жана байланышта болот. Жер айлана-чөйрөнүн жана аны коргоонун объектиси катары жер бети менен кыртыштык катмарды түзөт. Айлана-чөйрөнүн корголуучу объектисинда жер өндүрүштүн негизги жана алмаштыргыс каражаты болуп эсептелет. Ошондуктан мында кыртыштын түшүмдүүлүгү биринчи мааниге ээ. Маанилүүлүгү жагынан кийинки объектини суу түзөт. Сууларга дарыялар, көлдөр, каналдар, суусактагычтар, көлмөлөр, көлчөлөр, мөңгүлөр, жер астындагы суулар кирет. Суу объектилеринин курамы суу кодексинде берилген. Жашоо турмуштагы эң маанилүү жаратылыш чөйрөсүнүн бири - атмосфералык аба. Атмосферанын курамында атмосферанын «озондук катмары» деген компоненти өзгөчө бөлүнүп турат. Бул Жер бетин Күндүн тике тийген нурларынан сактап туруучу газ катмары болуп саналат. Айлана-чөйрөнүн корголуучу объектилеринин бири - токойлор. Токойлордун климатты, суу агымдарын жөнгө салууда мааниси зор, кычкылтек бөлүп чыгарат. Айлана-чөйрөнүн корголуучу объектилери катары экосистемалар да эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1