Айлана-чөйрөнү булгоо

Википедия дан

Айлана-чөйрөнү булгоо - кандайдыр бир себептер менен (адамдын иш-аракетинин натыйжасында) айлана-чөйрөгө (жаратылышка) ага жат болгон физикалык, химиялык жана биологиялык заттардын кириши. Жат заттардын чөйрөдө табигый түрдө (жанар тоо атылышы, токой өртү ж. б. себептер менен) жана антропогендик таасирден (адамдын чарбалык иш-аракетинин негизинде) пайда болот. Айлана-чөйрөнү булгоо үч негизги багыт боюнча жүрөт: физикалык, химиялык жана биологиялык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1