Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери

Википедия дан

Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери - КРнын Конституциясында каралган, жогорку юридикалык күчкө ээ экологиялык укуктун негизги жоболору. КРнын Конституциясы боюнча өлкөнүн ар бир жараны ден соолугуна жагымдуу жана жашоосуна ыңгайлуу чөйрөдө жашоого, ошондой эле табият ресурстарын пайдаланууда ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирилсе чыгымын төлөтүп алууга укуктуу. Ошол эле учурда айлана-чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын жана тарыхый эстеликтерди коргоого милдеттүү. Мамлекет тарабынан адамдын эркиндиктери жана укуктары, табият ресурстарын туура пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздукту сактоо иш-аракеттери жүргүзүлөт. КРнын Өкмөтү экология тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү, мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын, менчиктерин сактоону камсыздайт. Айлана-чөйрөнү коргоонун конституциялык негиздери КРнын айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү, экологиялык экспертиза мыйзамдарында, Жер (2. 6. 1999), Токой (8. 7. 1999) кодекстеринде, атмосфераны коргоо жөнүндөгү (12. 6. 1999) ж. б. нормативдүү укуктук актыларда белгиленген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1