Айланма маятник

Википедия дан

Айланма маятник – эркин түшүүнүн ылдамдануусун экспериментте аныктоочу прибор.

Айланма маятник эки үч грандуу мизи бар оор пластинадан турат. Үч грандуу миздин бири кыймылсыз, экинчиси пластинанын оюгу боюнча узата жыла алат. Кыймылсыз таянычка кезеги менен жайгашкан О1 жана О2 миздин учтуу кырлары Айланма маятниктин термелүү огунун милдетин аткарат. Кыймылдуу миз жогору же төмөн Айланма маятниктин термелүү мезгили ар бир октун айланасына дал келмейинче которула берет. Октордун арасындагы О1О2=l аралыгы пластинага түшүрүлгөн шкала нониустун жардамы менен өлчөнөт. Айланма маятниктин аз термелүүсүнүн мезгили . T менен l дин маанисин тажрыйбадан билүү менен формуладан g эсептелинет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]