Айланма тараза

Википедия дан

Айланма тараза - кичине күчтөрдү (кичине күчтөрдүн моментин) өлчөөчү сезгич физикалык прибор. Айланма тараза вертикаль абалдагы жиптин учуна илинген тең салмактагы рычагдан турат. Өлчөнүүчү күч рычагдын бир учуна таасир этип, аны горизонталь тегиздик боюнча айлантып, толгонгон жиптин серпилгич күчү менен теңсалмакка келмейинче бурат. Рычагдын толгонуу бурчу боюнча таасир эткен күчтүн айлантуучу моментин билүүгө болот. Айланма тараза механикалык, электрдик, магниттик, гравитациялык күчтөрдү өлчөөдө колдонулат. Айланма таразаны 1784-ж. Ш.Кулон ойлоп тапкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]