Айлык акыдан кармап калуу

Википедия дан

Айлык акыдан кармап калууэмгек укугу боюнча администрациянын тескемеси менен мыйзамда каралган учурларда гана жүргүзүлөт, (м.: айлык акынын эсебинен берилген насыя акчаны кайтаруу үчүн; эсептөөдөн кеткен жаңылыштыктардан улам ашыкча берилген сумманы кайтаруу үчүн; жумушчунун күнөөсү менен тарткан зыяндын ордун толтуруу үчүн). Ар айлык эмгек акы берген сайын кармап калуунун өлчөмү 20 пайыздан, ал эми мыйзамда өзгөчө каралган учурларда же бирнече аткаруучу документтер боюнча кармоодо айлык акынын 50 пайызынан ашуусу мүмкүн эмес.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7