Аймактык деңиз

Википедия дан
Деңиз аймактары БУУнун деңиз укуктары боюнча конвенциясы негизинде

Аймактык деңиз же аймактык суулар — жээкти бойлой, ошондой эле ички суулардын чектеринен сырткары (архипелаг мамлекетте — архипелаг сууларынан тышкары) жайгашкан деңиз алкагы.

Белгилүү кеңдиктеги бул деңиз алкагына жээктеги мамлекеттин эгемендиги жайылтылат. Аймактык деңиздин сырткы чеги жээктеги мамлекеттин деңиз чегарасы болуп саналат. Азыркы убакта деңиз мамлекеттеринин (130) көпчүлүгү аймактык деңиздин 12 деңиз чакырымына чейинки кеңдиктерине ээ. Ошентсе да, 20га жакын мамлекет эл аралык укукта белгиленген чектен ашуун кеңдиктерге ээ[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7