Айнек блоктору

Википедия дан

Айнек блоктору - айнектен жасалган курулуш материалы. Ал бири бирине ширетүү менен эки жарым айнек блоктон пресстелип даярдалып, блок көңдөй болот. Айнек блоктору жарыкты жакшы өткөрүүчү, жылуулук жана үн өткөрбөөчү касиетке ээ. Ал өтө бышык, формасы боюнча чарчы, тик бурчтуу; жарык техникалык сапаттары боюнча жарык таратуучу, жарыкты багыттоочу, тунук жана күн нурунан сактоочу; кооздугу боюнча түстүү жана түссүз; конструкциясы боюнча бир же эки камералуу болуп бөлүнөт. Түстүү блок айнек массасын боёо же жарым блоктун экөөнүн ортосуна түстүү пластинкаларды коюу менен даярдалат. Айнек блоктору турак үйлөрдө, коомдук жана өнөр жай имараттарында жарык өткөрүүчү сырткы жана ички тосмо конструкциялар катарында колдонулат. Блоктор бири-бири менен цементтелип бириктирилет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1