Айталаа мөңгүсү

Википедия дан

Айталаа мөңгүсү, Наливкин мөңгүсү - Какшаал кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал дарыясынын сол куймасы - Чоң Үзөңгү-Кууштун төрүнөн орун алган. Узундугу 7,0 км, аянты 6,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5160 м, этеги 4200 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 4600 м. Абляция облусунун аянты 2,6 км2. Мөңгүдөн Айталаанын (Чоң Үзөңгүкууштун башы) бир салаасы башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1