Айтамга кыштагы

Википедия дан

Айтамга кыштагы - Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 33 км батыш тарапта, Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 15 км. Деңиз деңгээлинен 1840 м бийиктикте. Калкы 2119 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, төрөт үйү, медпункт, чайкана бар. Атынын келип чыгышы кыргыздын бир уруусуна байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1