Айтбаев Жумабай Чырмагул

Википедия дан

Айтбаев Жумабай Чырмагул (1905, Каныш-Кыя айылы - 1986, ошол эле жер) - белгилүү саяпкер жана чабандес.

Атактуу саяпкер Орозумбеттин шакирти. Атты багуу, таптоо ыкмаларын жакшы билген. Орозумбет таптаган Айкашка, Тайкашка күлүктөрүн чаап, Аксы, Талас, Анжиян, Олуя-Ата, Фергана өрөөнү менен Сары Өзөн Чүй, ары жагы казак калкына чейин таанылган.

8-9 жашынан чабендестикке тарбиялаган Орозумбет аттан кулап калбасын деп, ээрге чырмап, таңып койгондуктан, эл арасында Чырмагул аталып кеткен. Ал ошондой эле жылкыга мүнөздүү болгон ак баш, топчу, таңдай, шибер, тиш жаруу, азый саюу, ж.б.ооруларын элдик ыкма менен дарылоону эң жакшы билген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6