Айтбаев Сарайбек Муктарович

Википедия дан

Айтбаев Сарайбек Муктарович (1. 12. 1955-ж. туулган, Тунук кыштагы) - муниципалдык кызматтын отличниги (2006) жана 1класстагы кеңешчиси. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн (1977).

Ал 1977-жылдан 1982-жылга чейин Суусамыр орто мектебинде мугалим, 1982-89-жылдары Суусамыр айылдык кеңешинде жооптуу катчы, 1989-жылдары Суусамыр айылдык кеңешинин төрагасы, 199799-жылдары Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары - жооптуу катчысы.

2000-жылдан 2005-жылга чейин Жайыл райондук статистика комитетинде 1-категориядагы кызматчы. 2005-09-жылдары Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы болгон.

Андан кийин Жайыл райондук статистика башкармалыгында Суусамыр боюнча жетектөөчү адис болуп иштейт. Жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9