Айтеков Адылбек Тентимишович

Википедия дан

Айтеков Адылбек Тентимишович (5. 6. 1946-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - агрардык жетекчи кызматкер.

К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн (1975). 1966-69-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Эмгек жолун 1966-ж. Суусамыр айылдык керек-жарак коомунда сатуучу болуп баштаган.

Кийинчерээк Суусамыр МЖСинде слесарь, айдоочу (1969-70), андан соң Талас районундагы механикалаштырылган токой чарбасында жетекчи (1975-92), Талас шаарындагы райондор аралык мамлекеттик үрөн чарбасында агроном (1992-98), 1998-жылдан аталган инспекцияда начальник болуп эмгектенүүдө. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата Талас облустук администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Жолуке уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9