Айтиев Баймырза

Википедия дан

Айтиев Баймырза (10.8.1948-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - айыл чарба тармагынын көрүнүктүү ишмери, райондун ардактуу атуулу.

Кыргыз айыл чарба институтунун ветеринария факультетин бүткөн (1976). Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1971-73).

  • 1976-80-жылдары «Ак-Таш» совхозунда ага ветеринардык врач,
  • 1980-84-жылдары «Чаткал» совхозунда башкы ветеринардык врач,
  • 1984-90-жылдары райондун башкы ветеринардык врачы,
  • 1990-94-жылдары «Ак-Таш» совхозунун директору,
  • 1994-96-жылдары «Чаткал» машина мал чарба станциясынын директору,
  • 1996-99-жылдары «Чакмак-Суу» үрөөнчүлүк чарбасынын директору, 1999-2002-жылдары райондук мамлекеттик ветеринардык башкармалыктын башчысы,
  • 2002-09-жылдары Чаткал айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча инспектору,
  • 2009-12-жылдары Чаткал айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы болуп эмгектенген.
  • Айылдык жана райондук кеңештин бир нече жолку депутаты.

Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6