Айтыкеев Совхозбек Кожомкулович

Википедия дан

Айтыкеев Совхозбек Кожомкулович (1953, Калинин (азыркы Жайыл) району, Чалдыбар совхозу) - композитор, М. Абдраев атындагы сыйлыгынын лауреаты.

  • 1970-72-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунда композиция классынан окуган.
  • Студент кезинде эле фортепьяно үчүн фуганы, үч прелюдияны,, «Менин крайым» аттуу симфониялык сюитаны ж. б. чыгармаларды жазат.
  • Институттун жолдомосу менен Ош музыкалык Окуу жайында музыкалык теориядан, композициядан сабак берет.
  • 1985-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулат.
  • 1987-96-ж. Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинде кызматкер,
  • 1998-2000-ж. Кыргыз улуттук академиясынын Манас таануу борборундагы искусство секторунун аспиранты,
  • 2001-2002-ж. Кыргызстан композиторлор союзунун жооптуу секретары болуп иштеген.
  • 2002-жылдан Кыргызстандын Билим берүү министрлигинде (азыркы мамлекеттик тил жана маданият комиссиясында адис.

Композитордун жалпы чыгармачылыгы жанрдык ар тараптуу, ал элдик музыканын элементтерин аспаптык чыгармаларында (мис., «Түрмөк күү», «Шилтемдер» аттуу фортепьяно үчүн 12 пьесасы ж. б.) өтө чебер, изденүүчүлүк менен бере билген. Симфониялык чыгармаларынан төрт бөлүмдүү «Насыйкат» симфониясы, солист, хор жана оркестр үчүн «Таң шооласы», «Эгемендүү Кыргызстан», камералык оркестр үчүн иштеп чыккан күүлөрү, камералык-аспаптык, вокалдык ж. б. чыгармалары бар. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.