Айтымбет Уста

Википедия дан

Айтымбет Уста (туулган, өлгөн жылы белгисиз) Ооздон оозго айтылып, уламышка айланып келе жаткан улуу усталардын бири Айтымбет Эки-Нарындагы моңолдор элинин Союл уруусунан чыккан.

Ат жабдыктарга түшүрүлгөн «Моңолдордун сынпосу» деген көркөмдүктөр ошол Айтымбет устанын үлгү-нускасы делет. Ал Кашкар усталарынан үлгү алган. Устаны Кашкардык кызыл кулактар алдап кеткенде өчүн алуу үчүн уйдун тоң жампасынан ээр уютуп, аны «сынпостоп», сүткорлорго карматып жатып: «Айтымбет куйган ээрсиң, Алты ай токуп минээрсиң. Алты ай токуп минген соң, Кайдан алдым дээрсиң»,- деп алуучуну аткарып жиберет. Анын укум-тукуму бүтүндөй уста атанат. Көпөс, Осмон, Мукаш, Найманбай өңдүү усталар анын урпактары жана устачылык кан жолун улантуучулар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0