Айхал алмаз кени

Википедия дан

Айхал алмаз кени - Якутиядагы алмаздын ири кени; Айхал шаарына жакын. 1960-ж. ачылып, 1961-жылдан карьерден, 1997-жылдан жер астынан (680 м тереңдикке чейин) казылып алынат. Алгачкы запасы боюнча Орусиядагы эң ири 5 кендин бири. Калган запасы 40-50 млн карат. Якутия алмаздуу провинциясындагы Далдын-Алакит кимберлит талаасында жайгашкан. Ордовик, силурдун терриген-карбонаттуу тоотектерин жиреп чыккан, татаал конфигурациядагы, дээрлик вертикаль багытындагы кимберлит түтүгү. Кратьер бөлүгүн чөкмө-жанар тоотектери, кимберлит туфтары (калыңдыгы 120 м), колкосун кимберлит брекчиялары түзөт. Курамында алмаз өтө көп (орточо өлчөмү 5,5 карат/д), сапаты төмөн майда таштар басымдуу (ромбододекаэдр 60%), зергелик калдыгы 25%ке чейин (1997-жылга карата массасы 50 караттан ашкан 7 алмаз өндүрүлүп алынган).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1