Айчүрөк Иманалиева

Википедия дан

Айчүрөк Иманалиева 1968-жылы 12-январда Талас облусуна караштуу Талас районунун Калба айылында туулган.

Эгемендүүлүктөн кийинки кыргыз эстрадасынын баштоочуларынын бири. Кыргыз эстрадасынын примадоннасы, кыргыз эстрадасынын ханышасы.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын дипломанты (2003). Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы (2006), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2009), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021).

“Роза гүлү”, “Тоо булагы”, “Түнү бою”, “Махабат көлү” жана башка эл оозунан түшпөгөн ырлардын аткаруучусу.

Ага Айчүрөк ысымы дүйнөгө белгилүү “Манас” эпосунун каарманы Семетейдин жубайынын урматына коюлган. Айчүрөк Иманалиева бала кезинен бери ырчы болууну кыялданчу. Дал ошол себептен 1982-жылы мектепти аяктагандан кийин борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайга тапшырган. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эки жылдык эстрада студиясын, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын “вокал” бөлүмүн жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган.

Айчүрөк Иманалиева чыгармачылык чөйрөгө кокусунан эле келип калган эмес: таятасы Асылбек Иманалиев комузда кол ойноткон чебер болсо, таянеси Бермет Иманалиева нукура элдик ырларды, дастандарды айтчу. Өзүнүн апасы бир канча жыл филармонияда Эстебес Турсуналиевдин тобунда иштеген. Анын атасы, согуштун ардагери, кесипкөй болбосо да, комузду абдан жакшы чертчү жана мектепте балдарга бул аспапта ойногонду акысыз үйрөтчү. Айчүрөк темир комузда, гитарада, комузда ойнойт.

Чыгармачыл жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Иманалиеванын чыгармачылык жолу 1989-жылы өткөн “Ала – Тоо Периси” сынагына катышып, 1-орунга ээ болгондон кийин башталган. Конкурста комуз менен ырдаганын көргөн “Жаштар” театрынын жетекчилиги анын талантын баалап, жумушка чакырган. Ошентип Айчүрөк Иманалиева театрда оркестрдин артисти болуп калган.

Бир канча убакыт Айчүрөк композитор Тарас Асанакунов жетектеген ансамблде ырдап жүрдү. Кийинчерээк Асанакунов жазып, Айчүрөк аткарып чыккан “Роза гүлү” ыры популярдуу болот.

“Жаштар” театрынан кеткенден кийин “Инсан” тобунда иштей баштаган, бул топ “Кызыл гүл”, “Тоо булагым – арманым” ырларынан кийин элге таанылган. Жарым жылга жетпеген убакыттан кийин бул топ алгачкы жеке концертин берген. Ал эми эки жылдан кийин Айчүрөк ансамблден кеткен.

1993-жылы “Айчүрөк” эстрада театрын ачып, жаш таланттарды тарбиялай баштаган, ушул күнгө чейин анын директору болуп иштеп келүүдө. Сахнада бий менен ырды айкалыштырганы ошол кездеги кыргыз сахнасына жаңылык болгон. Анын СССРдин Эл артисти, кыргыз тенору Токтоналы Сейталиевич менен биргелешип иштешүүсү дагы бир жаңычылдык болуп, мунун натыйжасында эстрадалык-опера дуэти жаралган.

1995, 1996, 2003-жылдары Айчүрөк Казакстан Республикасынын Алматы шаарында салттуу түрдө өтүп турган “Азия даусы – Азия үнү” эл аралык фестивалына ардактуу мейман болуп катышкан.

Эгемендик алгандан бери кыргыз эстрада өкүлдөрүнөн алгачкы жолу 1996-жылы Нью-Йорк шаарында өткөн “BIG APPLE MUSIC – 96” Бүткүл дүйнөлүк эстрадалык фестивалга катышып келген. Ошондой эле жыл сайын Беларустун Витебск шаарында өтүүчү Эл аралык “Славян базары – 2000” конкурсунун дипломанты болгон.

“Келечек” ансамбли менен Краков шаарында (Польша) өткөн “Алтын жалбырак” фестивалында 1-орунду ээлеген.

2001-жылы Айчүрөк Иманалиева Украинанын Донецк шаарында өткөн “Алтын скиф” эл аралык сынагынын лауреаты болгон. Ошол эле жылы Казакстан Республикасынын элчилигинин “Бир тууган элдердин достугун жана кызматташтыгын чыңдаганы үчүн” Ардак грамотасы менен сыйланган.

А. Иманалиевага кыргыз-казак элдеринин маданий достугун бекемдегени үчүн Казакстандын элчиси Мухтар Шаханов "Алтын көпүрө" сыйлыгын тапшырган.

Учурда жаш таланттарды эл аралык сынактарга даярдоо менен өлкөнүн аброюн көтөрүп келет. Төрт жыл ичинде шакирттери Чехия, Түркия, Орусия жана башка мамлекеттерде өткөн сынактарда байгелүү орундарды алып келишкен. Анын ичинде төрт ирет 1-орунду, эки жолу 2-орунду багындырышкан.

Ошону менен бирге, ар кандай эл аралык сынактардын калыстар тобунун мүчөсү да болуп саналат (“Turk Vision 2013” Эскишехир, Түркия; “Урал Моно” Уфа, Башкыртстан, “Чыгыш базары” Ялта, Крым ж.б.).

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1993-жылы Улуттук каналдагы көрсөтүүлөрдүн биринен өмүрлүк жары Таалай Ороскулов менен таанышып, баш кошушкан. Ал кезде жолдошу “Пирамида” телеканалынын туңгуч диктору, телеберүүлөрдүн алып баруучусу болчу, азыркы учурда “Sputnik Кыргызстан” маалымат агенттигинин жана радиосунун редкактору. Жубайлар үч баланын ата-энеси. Арген, Арлен аттуу уулдары жана Аэлита аттуу кызы бар.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айчүрөк Иманалиева “Жар-жар” ырына экинчи дем берген. Азыр бул ырсыз бир дагы үлпөт той өтпөйт. "Жар-жар" ырынын сөзүн Кыргыз Республикасынын эл акыны Жолочу Рыспаев жазган. Ал эми музыкасы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор Адылжан Абдуллаевдики.

Ырчы Айчүрөк Иманалиева жана эки баласы (Арлен менен Аэлитанын) өздүк майрамын бир күндө белгилешет. Үчөө тең 12-январь күнү жарыкка келген.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1] Эмгекчил, чыгармачылыкка жанын берген Айчүрөк Иманалиева тууралуу 9 факты // https://sputnik.kg/20180112/ajchurok-imanalieva-tuuraluu-fakty-1037230712.html

[2] Эмгекчил, чыгармачылыкка жанын берген Айчүрөк Иманалиева тууралуу 9 факты // https://sputnik.kg/20180112/ajchurok-imanalieva-tuuraluu-fakty-1037230712.html

[3] Исматулина З. Айчурек Иманалиева: Мы с мужем всегда вместе // https://www.msn.kg/ru/news/5998/

[4] Исматулина З. Айчурек Иманалиева: Мы с мужем всегда вместе // https://www.msn.kg/ru/news/5998/

[5] Эмгекчил, чыгармачылыкка жанын берген Айчүрөк Иманалиева тууралуу 9 факты // https://sputnik.kg/20180112/ajchurok-imanalieva-tuuraluu-fakty-1037230712.html

[6] Айчүрөк Иманалиева. Эл аралык конкурстар // https://www.youtube.com/watch?v=ElgoVi6uee8

[7] Эмгекчил, чыгармачылыкка жанын берген Айчүрөк Иманалиева тууралуу 9 факты // https://sputnik.kg/20180112/ajchurok-imanalieva-tuuraluu-fakty-1037230712.html

[8] Эмгекчил, чыгармачылыкка жанын берген Айчүрөк Иманалиева тууралуу 9 факты // https://sputnik.kg/20180112/ajchurok-imanalieva-tuuraluu-fakty-1037230712.html

[9] Эмгекчил, чыгармачылыкка жанын берген Айчүрөк Иманалиева тууралуу 9 факты // https://sputnik.kg/20180112/ajchurok-imanalieva-tuuraluu-fakty-1037230712.html

https://sputnik.kg/amp/20180112/ajchurok-imanalieva-tuuraluu-fakty-1037230712.html