Мазмунга өтүү

Айылчы Токтогулов

Википедия дан
Айылчы Токтогулов
Туулган датасы:

12 -март 1951(1951-03-12) (73 жаш)

Жарандыгы:

 ССРС
 Кыргызстан

Айылчы Токтогулов – жазуучу[1].

Ал Токтогул районунун Толук айылында 1951-жылы 12-мартта туулган. 1968-жылы Толук орто мектебин бүтүргөн.

1973-жылы Ош мамлекеттик институтунун музыка-педагогикалык факультетин бүтүрүп, турмуш жолун Толук орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган[2].

1976–1992-жж. окуу бөлүмүнүн башчысы, уюштуруучу болуп эмгектенген.

1992-жылы Токтогул районундагы катуу жер титирөөдө Толук айылын Чүйгө көчүрүү, жайгаштыруу комиссиясынын мүчөсү болгон.

Азыр Сокулук районундагы Жаңы-Жер орто мектеп-комплексинде мугалим болуп эмгектенет.

Анын “Күн жана Жер” деген алгачкы ыры Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде жарык көрүп, кийин республикалык басма сөз беттеринде бир нече ырлары, аңгемелери жарыяланып келген.

1995-жылы “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси берилген.

2008-жылы Сокулук райондук кеңешинин депутаты болгон.

1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кез келүү: Аңгемелер. – Ф.: Адабият, 1990. – 48 б.
  • Толук зилзаласы: Дастан. – Б., – 1994. – 32 б.
  • Жаз кайрылып келет: Повесть. – Б.: Айат, 2006. – 48 б.
  • Мезгил ызасы: Роман жана аңгемелер /1-китеп/. – Б.: Айат, 2007. – 180 б.
  • Мезгил саптары: Роман /2 китеп/. - Б.: Айат, 2009. - 336 б.
  1. Ааматов, М.; Чекиров, А.; Калыева, Ө. (2011). Кыргыз Республикасынын жазуучулары. Бишкек: Кыргызпатент. ISBN 978-9967-26-379-6. 
  2. Кимиси ким: Айылчы Токтогулов. Кыргызстандын жаңы адабияты.