Айыл чарба авиациясы

Википедия дан

Айыл чарба авиациясыөсүмдүктү илдет, зыянкечтерден коргоо, отоо чөптү, жайыт жана чабындыда пайдасыз бадалдарды жок кылуу, түшүм жыйноо алдында пахта жалбырагын түшүрүү, минералдык жер семирткич чачуу, жайытка чөп эгүү, жандыктарды, айыл чарба шаймандарын ташуу, медициналык жана ветеринардык жардам (оорулуу адамдарды ташуу, дары-дармек жеткирүү ж. б.) көрсөтүү жана башкаларда пайдаланылат. Айыл чарба авиациясында АН-2, АН-2М, ЯК-12 самолёттору, МИ-1НХ, КА-15, МИ-1, МИ-2 вертолёттору колдонулат. Аларда суюк хпмпкат, мпнер. жер семпрткпч, чөп уругун ж.б. чачуучу атайын аппаратуралар орнотулган. Анын жардамы менен бардык өсүмдүктөрдүн (айрыкча пахта, эгин, кант кызылчасы) зыянкечтерине каршы күрөш жүргүзүлөт. Өсүмдүк зыянкечи менен илдет козгогучунун түрүнө жараша күкүмдөлгөн кургак пестицидди (1 га жерге 10-40 кг), суюк уу химикаттарды (1га жерге 5-50 л) 5-10 м бийиктиктен чачат (чаңдатат). Уу химикатты майда тамчылатып чачуу ыкмасы жакшы натыйжа берип, суюктук аз (5-25 л) жумшалат. Мындай чаңдатып чачуу иштери адатта эртең менен (саат 4төн 9га чейпн), кечинде (саат 17ден 20га чейин) жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1