Айыл чарба жери

Википедия дан

Айыл чарба жери - Жалпы жердин аянтынан айыл чарбасында пайдаланылуучу аянты. Республикада бүгүнкү күндө 19675,1 миң гектар.

Алардан бардык категориядагы жер пайдалануучулардын айыл чарба үлүшүнө 10685,6 миң гектар жер жана жер фондусунун 54,3%ти туура келет. Айыл чарба жерлеринин структурасында жайыт басымдуулук кылат, ал - 9020,2 миң гектар, б.а., 84,4%, айдоолор - 1414,9 миң гектар (13,2%), чөп чабыктар - 162 миң гектар (1,5%), көп жылдык бак-дарактар - 45,7 миң гектар (0,4) жана кен катмарлары - 17,3 миң гектар (0,2%). Республикада сугат жеринин аянты 1072,0 миң гектарды түзөт.

Сугатка потенциалдуу жарактуу жерлер - 2,3-2,5 миллион гектар, анын ичинде айдоого жарактуулары -1,7 миллион гектар. Азыркы убакта калктын ар бир адамына 2,4 гектар айыл чарба жерлери, 0,32 гектар айдоо, анын ичинде - 0,21 гектар сугат айдоолору туура келет. Эң жакынкы перспективада негизги максат - бул колдо болгон айдоо аянттарын натыйжалуу пайдалануу, сугат жерлердин кыртыштык-мелиоративдик жагдайын жакшыртуу, ошондон кийин гана жаңы жерлерди айыл чарбалык иштетүүгө тартуу. Анткени түштүктүн кээ бир райондорун кошпогондо, республика суу ресурстары менен жетиштүү даражада камсыз кылынган.

Малдын башынын кескин азайып кеткендигинен улам жайыттардын да пайдаланылышы азайды. Эгерде 1992-жылы койлорго кайрадан эсептеп чыкканда бир шарттуу баш малга 0,54 гектар туура келсе, 1995-жылдын башталышында ал 0,78 гектарды түзгөн. Алыскы жайыттар толук пайдаланылбайт, же такыр эле пайдаланылбай калды. Ошондуктан айыл чарбасынын алдында республиканын жайыттар сыяктуу негизги байлыгын натыйжалуу пайдалануу иш-чараларын тездетүү боюнча актуалдуу милдет турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9