Айыл өкмөтү

Википедия дан

Айыл өкмөтү — өз бийлик-укуктарынын чегинде жергиликтүү коомчулуктун ишмердүүлүгүн жана жашоо-тиричиликти камсыз кылууну башкарууну ишке ашыруучу айылдык жана шаарча кеңештердин алдындагы аткаруучу-тескөөчү орган. Айыл өкмөтү өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча айылдык же шаарча кеңешке, ал эми өткөрүп берилген мамлекеттик бийлик-укуктар боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жоопкерчиликтүү. Айыл өкмөтүнүн башчысы жергиликтүү эл тарабынан төрт жылга шайланат. Айыл өкмөтү укук абалы жагынан мамлекеттик башкарууга тийиштүү, бирок мамлекеттик башкаруу чөйрөсүнөн тышкары функцияларды да аткара алат. Кыргызстанда 465 айыл өкмөтү бар (2006).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1