Айымбетов Шадыкан Аликеевич

Википедия дан

Айымбетов Шадыкан Аликеевич (29.5.1957-ж.т., Айгыр-Жал айылы) - коомдук итнмер, билим берүүнүн отличниги.

Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн (1988). Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1976-78).

  • 1974-76-жылдары Каныш-Кыя совхозунда жумушчу,
  • 1978-86-жылдары ВЛКСМдин 50 жылдыгы атындагы орто мектебинде тарбиячы, мугалим,
  • 1986-96-жылдары Каныш-Кыя орто мектебинин мугалими, директорунун орун басары, директору,
  • 1996-2000-жылдары Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы,
  • 2000-06-жылдары Чаткал райондук кеңешинин төрагасы,
  • 2006-10-жылдары райондук кеңештин жооптуу катчысы,
  • 2010-14-жылдары Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1-орун басары болуп иштеген.
  • 2014-жылдан С.Байдөлөтов атындагы орто мектептин директору.
  • «Ош - 3000», «Курманбек 500» юбилейлик медалдары, «Муниципиалдык кызматтын отличниги» төш белгилери жана облустук, райондук «Ардак грамотасы» менен сыйланган.

Мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кеңешчиси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6