Айыпсыздык презумпциясы

Википедия дан

Айыпсыздык презумпциясы (латынчасы praesumptio innocentiae)– кылмыш-жаза укугунда айыпталуучу (соттолуучу) анын айыбы мыйзамда белгиленген тартипте далилденмейинче ал айыпсыз деп эсептелген жобо. Айыпсыздык презумпциясы – маанилүү демократиялык принциптердин бири; инсандын укугунун корголуусун камсыз кылат, негизсиз айыптоого жана соттоого жол бербейт. Айыпсыздык презумпциясы процесстик мыйзамда белгиленген каражаттар аркылуу далилдөө жолу менен жана соттук ишке тийиштиги бар делген жана мыйзам жол берген жетиштүү далилдер болгондо гана четке кагылышы мүмкүн, ошондо да далилдөө түйшүгү (милдети) айыптоо органдарына гана жүктөлөт.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7