Ай-Күн прецессиясы

Википедия дан

Ай-Күн прецессиясы - жазгы күн-түн теңелүү чекитинин эклиптикалык окту айланып конустук форманы түзүшү.

Прецессия кубулушунун түшүндүрүлүшүнүн негизги себеби дүйнө огу менен эклиптикалык октун арасындагы бурч 23º 27^1 га барабар болуу менен прецессия мезгили 26000 жылды түзөт. Прецессия кубулушу нутация кубулушу менен коштолуп жүрөт. Нутация Жер огунун өздүк термелиши болуп, мезгили 18 жыл 8 айга барабар. Ай-Күн прецессиясы деп аталышынын башкы себеби Ай, Күндүн Жер менен гравитациялык тартылуу менен шартталгандыгында.

Бул кубулуштун негизгинде узак убакыттарда жылдыздардын өз ара жайгашууларынын көрүнүштөрү дайыма өзгөрүп турат. Алсак азыр Кичи жетиген топ жылдызындагы Алтын казык жылдызы дүйнөнүн түндүк уюлу менен дал келсе, ал уюлга мындан 4000 жыл мурда Ажыдаар топ жылдызынын α жылдызы, 12000 жыл өткөндөн кийин ал орунга Вега топ жылдызынын α - Лира жылдызы дал келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]