Академиялык саат (окуу сааты)

Википедия дан

Академиялык саат (окуу сааты):

  • 1) окуу жайларындагы сабак үчүн бөлүнгөн 45-50 минутага созулган убакыт аралыгы.
  • 2) окуу саатында окутууга арналган материалдын көлөмү.

Окуу жайларынын пландары жана программалары окуу сааттары менен эсептелет. Окуу материалын пландаштыруу, план боюнча өтүлгөндөрдүн эсеби, ошондой эле айрым окутуучулардын иштери академиялык саат боюнча жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97