Акакташ

Википедия дан

Акакташ, акак - минерал, халцедондун бир түрү. Химиялык формуласы SiO2. Өңү кызыл сары, кызгылт сары. Негизинен эффузив тоотектеринин көңдөйчөлөрүндө жана жаракаларында болот. Янтарь жана кээ бир тунук асылташтар да (көбүнчө ак түстөгүлөрү) акак деп аталган. Зергерлик иште колдонулуучу 3-класстагы кымбат баалуу асылташ. Кыргыз зергерлери акакташты шакек, билерик, сөйкө, чолпу, чач учуктарга, ат жабдыктарына да чөгөрүп, «тогуз төбөлөп» же куткундап көркөмдөшкөн, ошондой эле шуру, седеп топчу да жасашкан. Таза болоттон жасалган, жыгач саптуу «темир ойгуч» менен жасалганын үстүн оюп, күмүштү кызыл жалын кылып эритип, данакер (бура) менен аралаштырып куюу ыкмасы колдонулат. Азыркы мезгилде кол өнөрчүлөрдүн «Кыял» бирикмесинде да өркүндөгөн технология менен акакташты пайдаланып, кыз-келиндердин асем буюмдарын элдин талабына шайкеш жасап жатышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1