Акан Нуртазин

Википедия дан

Нуртазин Акан (21. 11. 1962-жылы туулган, Фрунзе) – балет артисти, КРдин эмгек сиңирген артисти (1992), КРдин эл артисти (2001), Москва академиялык хореографиялык окуу жайын бүтүргөн (1982). 1982-жылы А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрына кабыл алынган. 2009-жылдан башкы хореограф. «Саманчынын жолу», «Ак куу көлү», «Макбет», «Куйручук», «Жизель» жана башка балеттердеги башкы партияларды аткарган. 1989-жылы «Бастилия» балетинде Маркиз де Лантенаканы мыкты аткарган үчүн «Нооруз-91» фестивалында, Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында коюлган «Баттерфлайдагы» Сонг-Лилингдин партиясын эң жакшы аткаргандыгы үчүн биринчи сыйлыкка ээ болгон. Сирия, Иордания, Япония, Германия, Кытай, Түркия жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. Кыргызстан жаштар сыйлыктын лауреаты (1992).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]