Ака, аке

Википедия дан

Ака, аке — түштүк кыргыздарда «ага», «ава» аталыштарына синоним катары колдонулат. Бир тууган агаларына жана өзүнөн улуу эркек туугандарына кайрылууда колдонулат. Айрым райондордо келиндер кайнагаларына атын айтпастан «аке» деп кайрылышат. Бул туугандык термин тува, хакастарда да колдонулары белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]