Акваметрия

Википедия дан

Акваметрия – заттарга cуунун санын аныктоо. Көпчүлүк учурда Фишер реактивин колдонуп, титриметриялык ыкма менен аныкталат. Затты 100-1050С термостатта ысытып, анын алгачкы массасынын өзгөрүшү б-ча табылат; Сууну бензол, толуол же ксилолдон бир аз кошуп, азеотроптук аралашма түрүндө кургак буулантып, бөлүнгөн суунун көлөмүн өлчөйт (Дин жана Старктын жолу). Оптикалык жана электрлик методдор да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]