Аккомпанемент

Википедия дан

Аккомпанемент - (фр. accompagnement - коштоо) - музыкалык коштоо. Аккомпанементтин эки түрү бар: солистти, аспапчыны же аткаруучулардын тобун (ансамбль, хор) музыкалык жекече аспап (рояль, баян, гитара, комуз ж. б.) же бир нече аспап (ансамбль, оркестр) менен коштоо. Кээде ырчыны хор да коштойт. Аккомпанемент ырчыга, аспапчыга гармоникалык жана ритмикалык жөлөк болуп, чыгарманын мазмунун, көркөмдүгүн тереңдетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1