Аккредитивди жабуу

Википедия дан

Аккредитивди жабуу – аккредитив боюнча акчаларды берүүнү токтотуу тууралуу жазуу. Аккредитив аткаруучу банкта: аккредитивдин мөөнөтү бүткөндө; эгер аккредитивдин шарттарында андай баш тартуу мүмкүнчүлүгү каралса, каражаттарды алуучунун анын аракет мөөнөтү бүткөнгө чейин аккредитивди пайдалануудан баштарткан арызы боюнча; эгер аккредитивдин шарттары боюнча андай чакырып алуу мүмкүн болсо, төлөөчүнүн аккредитивди толук же жарым-жартылай чакырып алуу талабы боюнча жабылат. Аккредитивдин жабылганы тууралуу аткаруучу банк эмитент-банкты кабарландыруусу тийиш. Депондолгон аккредитивдин пайдаланылбай калган каражаттары аккредитивдин жабылышы менен бир убакта эмитент-банкка кайтарылуусу керек. Эмитент-банк кайтарылган каражаттарды төлөөчүнүн каражаттар депондолгон эсебине кайтарууга милдеттүү.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7