Акматаалы Карыбеков

Википедия дан

Карыбеков Акматаалы 1919-жылы 2-январда Жаңы-Күч айылында жарык дүйнөгө келген. Ал бир жашка чыгып-чыга электе атасы Карыбек 25, энеси Күлүкан 23 жашында бул дүйнөдөн өтүп кетишет. Томолой жетим калышкан Акматаалы менен агасы Дүрбөлөңдү Карыбектин агасы Мүсүраалы аксакал багып чоңойтуп, окутат. Акматаалы атанын чоң атасы Татыбек ажы эмгекти абдан сүйгөн, карапайым дыйкан болуптур. Жакшына жайлоосунан агып түшкөн сууну эгин аянттарын сугаруу үчүн нечен чакырым арыктарды каздырып, элди-жерди багайын деп камкордук көргөн киши болуптур.
Мүсүраалы аксакал бир тууганы Карыбектин балдарына аталык камкордук көрүп багып чоңойтуп, билим алсын деп Ат-Башы жетим балдар үйүнө орноштурат. Оорунун азабын жаш кезден тартса да, акылы зирек, намыскөй Акматаалы ата 1938-жылы Наркомпростун жолдомосу менен Ат-Башыдагы Ак-Муз, Кара-Суу, Ак-Талаа айылдарында мугалим болуп иштейт.
1941-жылдары Педтехникумду бүтүрүп, 1943-46 жылдары Ат-Башы районундагы агартуу бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеген.
1946-48-жылдар аралыгында Кыргызстан КП БКнын алдындагы эки жылдык партиялык мектепти, 1949-жылы Кыргыз педагогикалык институнун тарых факультетин бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон.
1948-56-жылдарда Ак-Талаа, Куланак райондорунда партиянын адегенден экинчи, анан биринчи катчысы, партиянын Тянь-Шань областтык комитетинин мектептер бөлүмүнүн башчысы, Тянь-Шань областтык маданият башкармалыгынын башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген.
1956-1987-жылдарда Нарын шаарындагы Чкалов атындагы, Ат-Башыдагы Ленин атындагы № 1 жана №2 мектептерде, өзү туулуп өскөн Жаңы-Күч орто мектебинде директор болуп иштеген. Айылга, жалпы кыргыз элине жасаган эмгегин баалап, айылдаштары Жаңы-Күчтүн бир көчөсүнө ысмын ыйгарышкан.
Сыйлыктары: "1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун убагында кайраттуу эмгеги үчүн" медалы,
"Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги" ардактуу наамы,
Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын Жогорку Со- ветинин Президиумунун 3 жолку Ардак грамотасы,
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы баштаган ондогон орден-медалдардын ээси, Республикалык маанидеги өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн пенсиянын ээси болгон.
2005-жылы "Эсте калган элестер" деген китеби чыккан. Балдары Аманбек- геолог, Кемел-инженер-автомобилист, Чоро- педагог, Мирбек- мамлекеттик кызматкер, Алмазбек- педагог, окумуштуу, ректор, коомдук ишмер, Айбек мамкызматкер, ишкер, кыздары Жылдыз, Чолпон дагы эл үчүн эмгектенишкен.