Акматбеков Зарылбек

Википедия дан

Акматбеков Зарылбек (18. 8. 1943-ж. туулган, Калинин (Жайыл) району, Моңолдор айылы) - коомдук жана мамлекеттик ишмер.

  • СССРдин саламаттык сактоосунун отличниги (1980).
  • Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1987).
  • Теги суусамырлык, жолуке уруусунан.
  • Каратайдын урпагы.
  • Кыргыз мамлекеттик медицина институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн (1969).
  • Эмгек жолун Ош шаарындагы облустук ооруканада фтизиатр врачы болуп баштаган (1969-71).
  • Андан соң Баткен райондук ооруканасында башкы дарыгердин орун басары (1971-75), Калинин (Жайыл) районундагы борбордук ооруканада башкы дарыгердин орун басары (1975-77), Панфилов районунун борбордук ооруканасынын (1977-84), республикалык кайра калыбына келтирүү ооруканасынын (1984-85), Сокулук райондук борбордук ооруканасынын башкы дарыгери болуп эмгектенген.
  • Кыргызстан коммунисттик партиясынын XIX съездине делегат болгон.
  • Райондук партия комитеттерине мүчө болгон.
  • Райондук кеңештерге 20 жыл катары менен депутат болуп шайланган.
  • Чүй облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын коллегия мүчөсү болуп келген.
  • 1995-ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп шайланган.
  • Ал жерде Саламаттыкты сактоо жана экология боюнча комитеттин төрагасы болуп иштеген.
  • Мыйзамдарды чыгарууда активдүү ишмердиги үчүн 1999-ж. «Даңк» медалына татыктуу болгон.
  • 2001-ж. Кыргыз Республикасынын президентинин указы менен Өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси рангасы ыйгарылган.
  • 2001-07-жылдары Түркмөнстанда элчи болуп иштеген.
  • 2008-жылдан Кыргыз Республикасынын алдында сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсияга чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9