Акматов Төлөнбек

Википедия дан

Акматов Төлөнбек (1938-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - сооданын отличниги (1971) жана жетекчи кызматкер.

  • Фрунзедеги кооперация техникумун (1963) жана Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн (1986).
  • Эмгек жолун 1958-ж. Калинин районундагы Сосновка кыштагындагы айылдык керек-жарак коомунун соода бөлүмүндө сатуучу болуп баштайт.
  • 1960-61-жылдары Чалдыбар кыштагында дүкөн башчысы,
  • 1963-66-жылдары Сосновка айылдык керек-жарак коомунда жана Кенес-Анархай жумушчулар кооперациясында башкарманын орун басары, 1966-68-жылдары Ивановка райондук керек-жарак коомунда башкарманын орун басары,
  • 1968-70-жылдары Чүй районунда чарба аралык сооданын директору,
  • 1970-71-жылдары Юрьевка айылдык жана 1971-76-жылдары Чүй райондук керек-жарак коомунун башкармасы,
  • 1976-86-жылдары Чүй районундагы Кыргыз керек-жарак коомунун универсалдык соода базасынын директору,
  • 1986-87-жылдары Чүй райондук керек-жарак коомунда текшерүүчү болуп иштеген.
  • Көптөгөн ардак грамоталар менен сыйланган.
  • Шааболот уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9