Акмат уулу Жумагазы

Википедия дан

Акмат уулу Жумагазы (1914-1978) Уста. Кочкор өрөөнүндөгү Орток тоосунун этегинде «Күмүшай-Кудуктагы» жалгыз конушта төрөлгөн.

Чарбада иштеген. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Ал бала чагынан Жунуш устаны байырдап, үй тиричиликке шартташкан, элге эң керектүү: маки, бычак, кыргыч, кычкач, түпкүч, кайчы, жуушаң, аткуур сыяктууларды кармаган. Каат жылдары казан-аяк, чака-чара өңдүүлөрдү түптөп, кандаган. Фарфор идиштерди желимдеп (желимди өзү жасаган), үшкүлөгөн, сыныктарды кепшерлеген. Кырма идиштерди (табак, аяк, чөйчөк, сузгу, кашык, челек) кармоодо керкини, ийгини гана колдонгон. Көмүркөйүндөгү аспап-куралдарынын көпчүлүгүн өзү жасаган. Kapa темирди сомдоонун, ийүүнүн, чоктонтуунун ички сырларын мыкты билген. Уста «жети кашка», «музоо тиш» өрүмдөрү аркылуу ат жабдыктарына узанган. Ага чылгый терини тандаган. Анын кармаган буюм-тайымдары азыркы учурда эл ичинде көп жолугат. Шири идиштерине (сабаа, чанач, көнөк, көнөчөк, көөкөр) уйдун, төөнүн терисин иштеткен. Аларды ыштоодо арпа маясын арбын пайдаланган. Кийин узанып отурганда көзүнө бөрктүү мыктын сыныгы тийип ал күчүркөнүп операция болгон. Ошондон тартын устакерчилигин токтоткон. Бирок, мүнүшкөрлүккө ышкысы артылып бүркүт, куш таптаган. «Чекир кашка» деген Кочкор ичине таанымал күлүктүң саяпкери болгон. «Жумагазы улакчы» аталып, «Жумагазынын сары аты» өңдүү даңазалар учурунда болуп турган. Ал жашоо-тиричилик оор кезде мүдөөгө жараган элдик адам катары эл оозунда айтылып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0