Акмолдоева Шайлообүбү Бородоевна

Википедия дан

Акмолдоева Шайлообүбү Бородоевна - (11. 3. 1950-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Маман айылы) - философия илимдеринин доктору (1998). 1973-ж. Казак мамлекеттик унивеситетинин философия факультетин бүтүргөн. 1973-78-ж. КМДТИда, 1979-91-ж. КМУУда философия кафедрасында улук окутуучу, доцент, 1991-ж. культурология боюнча кафедра башчысы, 1992-93-ж. философия факультетинин деканы, 1994-96-ж. улук илимий кызматкер, социология жана культурология кафедрасында доцент болуп иштеген. Философия тарыхы, маданияттаануу, манастаануу тармактары боюнча адис. Эмгектери: Древнекыргызская модель мира (по материалам эпоса «Манас») Б.,1996; Духовный мир древних кыргызов. Б., 1998.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1