Акназаров Корчубек атындагы орто мектеби

Википедия дан

Акназаров Корчубек атындагы орто мектеби Коргон-Сай айылында жайгашкан. Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө карайт.

Имараты 1973-жылы пайдаланууга берилген.

Алгач К.Маркс атындагы сегиз жылдык, 1987-жылдан Коргон-Сай сегиз жылдык мектеби, 1998-жылдан Коргон-Сай орто, 2004-жылдан К.Акназаров атындагы орто мектеп аталган.16 мугалим эмгектенип, 96 окуучу билим алат (2014 - 2015). Ашкана, спорт зал бар.

Мектепти 1976-77-жылдары Дозонов Сатылган, 1977-80-жылдары Кудаяров Төлөгөн, 1980-82-жылдары Баймырзаев Каныбек, 1982-84-жылдары Карашев Казак, 1984-86-жылдары Миңбаев Шабданбек, 1986-87-жылдары Станбеков Самидин, 1987-95-жылдары Өтөмбаев Жакибай, 1995-2002-жылдары Бекмуратов Тажибай, 2002-04-жылдары Кыштообаев Сыдык, 2004-06-жылдары Атабаев Амангелди, 2006-07-жылдары Жолдошбаев Эркебек, 2007-09-жылдары Асанов Мирлан, 2010-13-жылдары Сыдыков Мухудин, 2013-жылдан Рустемов Акылбек жетектеп келүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6