Акрилонитрил

Википедия дан

Акрилонитрил (СН2=СН-CN), винил цианиди, мол. масс. 53,07; жагымдуу жыттуу, түссүз, уулу суюктук, балкып эрүү t -89о; кайноо t 780; d204 0,806; n204 1,39; абада 3-17 % болгондо жарылат. Суу менен азеотроптук аралашма берет, орг. эриткич менен аралашат. Өз алдынча полимерлешүүнү болтурбоо үчүн төмөнкү темп-рада жана ингибитор кошуп сакташат. Галогендүү суутек, Н2S, фенол, NH3, аминдер, спирттер, оксиддер менен кошулат. Реакциянын схемасы

HX+CH2=CHCN  XCH2-CH2CN.

А. полиакрилонитрил-нитрон (табигый жүнгө окшош) була алынат. Cтирол, винилхлорид, метилметакрилат жана башка менен сополимерди пайда кылат. Ө.ж-да А. ацетилен менен синил к-тасынан жана пропилен менен аммиактын аралашмасын окистендирүүдөн, этиленциянгидринди дегидратациялоодон алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]