Акролеин

Википедия дан

Акролеин, (СН2=СНСНО) пропеналь, чексиз альдегид, от алуучу, түссүз кескин жыттуу, жаш агызуучу суюктук. Мол. масс. 56,07; абада 70 мг/м3 болгондо өмүргө зыяндуу. Эрүү t – 87,7о; кайноо t 52,7о; d204 0,841; n204 1,402; суу, метанол менен азеотроптук аралашманы берет. Орг. эритмеде эрийт. Абада оңой окистенип, акрил к-тасын, галогендүү суутек менен b-галогенопропион альдегидин пайда кылат. Диендик синтезде диенофил сыяктуу реакцияга кирет. Спирттер, орг. к-талар менен оңой кошулат. Өз алдынча полимерлешип кетүүгө жөндөмдүү болгондуктан фенол же гидрохинон кошуп сакташат. Лаб-яда глицеринди дегидратациялоо, аллил спиртин окистендирүү, өнөр жайларда пропиленди CuO катышуусунда окистендирүү менен алынат. А. акрилонитрил, глицерин, пиридин, метионин, глутар альдегидин, полиакрилди, жана башка полимерлерди, дары-дармектерди алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]