Аксай акиташ жана чопо кени

Википедия дан

Аксай акиташ жана чопо кени Ош облусунун Ноокат районунда, Кызыл-Кыя шаарынан 15 км түштүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1700–2300 м бийиктикте. 1974–79-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен эки участоктон турат. Цементтин карбонаттык түзүүчүсү – акиташ тектери кендин түндүгүндө, Аксай суусунун оң жагында, Боорду тоосунда жердин үстүнө чыгып жатат. Цементтин чополуу түзүүчүсү – кумтопурак кендин түштүгүндө Аксай суусунун сол куймалары Суукбулак, Суубулак, Дангы сайларынын баш жагында жайгашкан. Акиташ тектеринин жалпы калыңдыгы 450 м. Кумтопурактын калыңдыгы 72 мге чейин. Акиташтын химиялык түзүлүшү туруктуу. Технологиялык изилдөөлөрдүн негизинде кендин акиташ жана кумтопурак тектери “400”, “500” маркадагы портланд-цемент алууга жарамдуу экендиги аныкталган. Акиташтын запасы А категориясы боюнча –31172 миң т, В–57086 миң т, С1–130091 миң т, А+В+ С1 –218349 миң т, С2 –160958 миң т. Ачуу коэффициенти 0,5 м3/т. Кумтопурактын запасы – А–6824 миң т, В–15068 миң т, С1–11760 миң т. А+В+ С1 –33652 миң т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]