Аксай сурьма кенчеси

Википедия дан

Аксай сурьма кенчеси Ош облусунун Ноокат районунда, Бешбуркан кыштагынан 3 км түштүк–чыгышта, Чымкай тоосунда, деңиз деңгээлинен 1700–2000 м бийиктикте. 1953–87-жылдары мезгил - мезгили менен геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силурдун көмүр-чополуу сланецтеринен, кумдуктарынан, алевролиттеранинен жана карбондун карбонат-терриген катмарларынан түзүлгөн. Рудалуу жаспероид брекчиясы карбондун карбонат-терриген катмарларынын арасында жатат. Флюорит–антимониттүү рудалануу өтө чачыранды жана тарам түрүндө кездешет. Сурьманын орточо өлчөмү 2,73%, алтындыкы 1,44 г/т. С1 категориясы боюнча сурьманын запасы 1629 т, алтындыкы 1,49 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]