Аксай чопо кени

Википедия дан

Аксай чопо кениЫсык-Көл облусунун Тоң районунда, Кажысай шаарчасынан 5 км чыгыш тарапта, деңиз деңгээлинен 1630–1900 м бийиктикте. 1972–75-жылдары Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы тарабынан чалгындалган. Кен аймагын юра мезгилинде пайда болгон чөкмө тектер түзөт. Чопо жети катмардан туруп, көмүр кабатынын астынкы жана үстүнкү бөлүгүндө жайгашкан. Чопо катмарларынын жалпы калыңдыгы 4 мден 22 мге чейин өзгөрүп, 200–300 мге созулуп жатат. Чопо кара-боз түстө, бат нымдалып, жакшы ийленет. Күйгүзгөндө ак түскө өтөт. Чопону карапа буюмдарын жасоого жана бургулоо суюктугун даярдоого колдонсо болот. Жергиликтүү эл боз үйдүн кийизин бордоодо, самын кайнатканда колдонот. Запасы В категориясы боюнча 245 миң м3, С1–397 миң м3, В+ С1– 642 миң м3, С2 –129 м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]