Аксакалдар

Википедия дан

Аксакалдар - алгачкы общиналык коомдо (көпчүлүк учурда эрте таптык коомдо да) коллективдик жамааттын, уруктук, уруунун ичиндеги жашы боюнча башкаларга салыштырмалуу улуу мүчөлөрү, коллективдин бийлик жана башкаруу органы. Акса- калдардын (эреже катары, эркектер) орду алардын каада-салттарды сактап алып жүргөн кадыр-баркы менен аныкталат. Алгачкы жамааттык (общиналык) коомдун өсүп-өнүгүшү менен бирге, ак- сакалдар менен катар башка да бийлик жүргүзүүчүлөр, мисалы, жол башчылар (жол башчы деп көбүнчө бийликти мурастоочуларды түшүнүшөт) пайда боло баштайт. Аксакалдар менен жол башчылардын реалдуу бийлигинин салмагы өзгөрүп турган; бара- бара жол башчылардын бийлигинин таасири жогорулай баштайт, аксакалдар кеңеш берүүчүлөргө айланышат. Ага карабастан, алгачкы жамааттык (общиналык) коом урай баштаганда аксакалдар коллективдин жаш мүчөлөрүнөн айырмаланып салыштырмалуу көбүрөөк артыкчылыктарды алууга мүмкүндүк алышкан. Аксакалдар мындай артыкчылыктарды өз туугандарына бекемдеп берүүгө умтулушкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]