Мазмунга өтүү

Аксакалдар соту

Википедия дан

Аксакалдар соту — аракеттеги КР мыйзамдарына ылайык, белгиленген тартипте сот, прокурор, ички иштер органдары ж. б. мамлекеттик органдар менен кызмат адамдары тарабынан жиберилген материалдарды кароого чакырылган ыктыярдуу башталышта түзүлүп, шайлоого жана өз алдынча башкарууга негизделген коомдук органдар. Аксакалдар соту урмат-сый менен абыройго ээ аксакалдардын арасынан жарандардын чогулушу, жергиликтүү кеңештер же дагы башка жарандардын ичинен айыл, кыштак, шаар аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдары тарабынан уюштурулушу мүмкүн. Аксакалдар соту юридикалык жак болуп саналбайт жана акыйкат органдарында каттоого алынбайт.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7